Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 152 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 67, Ошто — 1, Чүйдө — 19, Таласта — 4, Ысык-Көлдө — 43, Жалал-Абадда — 6, Баткенде — 12 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 175 миң 589 адамга жетти.
Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 524 адамды түздү.