Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 20 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 12, Чүйдө — 4, Ош облусунда — 1, Ысык-Көлдө — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 691 адамга жетти.
Соңку суткада 1 адам каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 970 адамды түздү.