Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 205 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 123, Ошто — 2, Чүйдө — 26, Ош облусунда — 3, Таласта — 3, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 23, Жалал-Абадда — 10, Баткенде — 13 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 198 миң 316 адамга жетти.
Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 880 адамды түздү.