Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 341 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 151, Ошто — 3, Чүйдө — 93, Ош облусунда — 1, Таласта — 15, Ысык-Көлдө — 29, Жалал-Абадда — 22, Баткенде — 16 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 172 миң 668 адамга жетти.
Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 457 адамды түздү.