Акыркы суткада 49 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

epa08377434 A medical staff wearing protective equipment poses for a photo in the COVID-3 level intensive care unit, treating COVID-19 patients, at the Casal Palocco hospital near Rome, Italy, 22 April 2020. EPA-EFE/ANGELO CARCONI

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 49 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 36, Чүйдө — 5, Ош облусунда — 1, Ысык-Көлдө — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 20 адамга жетти.

Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 927 адамды түздү.