Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 25, Чүй — 15, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 3, Баткенде — 4, Жалал-Абадда — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 863 адамга жетти.
Соңку суткада 2 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 766 адамды түздү.