Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 57 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 40, Ошто — 2, Чүйдө — 2, Ысык-Көлдө — 8, Таласта — 1, Жалал-Абад — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 179 миң 338 адамга жетти.
Соңку суткада 1 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 620 адамды түздү.











