Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 30, Ошто — 2, Чүйдө — 19, Ошто — 3, Ысык-Көлдө — 7, Таласта — 3, Баткенде — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 182 миң 953 адамга жетти.
Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 729 адамды түздү.