Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 696 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 339, Ошто — 10, Чүйдө — 84, Ош облусунда — 44, Таласта — 14, Нарында — 15, Ысык-Көлдө — 50, Жалал-Абадда — 89, Баткенде — 51 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 166 миң 236 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Ошто бир, Нарында бир, Ысык-Көлдө өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 363 адамды түздү.










