Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 74 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 23, Чүйдө — 25, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 11, Жалал-Абадда — 7, Баткенде — 1, Нарында — 1, Таласта — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 499 адамга жетти.
Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 676 адамды түздү.











