Акыркы суткада 742 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 742 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 632, Ошто — 8, Чүйдө — 42, Ош облусунда — 5, Таласта — 8, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 22, Жалал-Абадда — 15, Баткенде — 8 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 187 миң 620 адамга жетти.

Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 826 адамды түздү.