Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткен облусунун аймагында сел келген аймактарды кыдырууда. Жеринде ӨКМдин Мониторинг департаменти, шаардык мэриянын кызматкерлери менен кошо тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кечээ, 5-май күнү нөшөрлүү жааган жаандан улам Раззаков шаарынын аймагында да сел суулары келген. Кырдаалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюуда ӨКМ куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барууда. Ал эми Чыгыш көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн жертөлөсүнө кирген сел калдыктарын тазалоого ӨКМден бүгүн, 6-май күнү 10 куткаруучу тартылды. Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча жалпы 33 куткаруучу тартылды.
Маалым болгондой, Чыгыш көчөсүндө сел суулары кирген турак үйлөр негизинен селдин нугуна мыйзамсыз салынган. Министрдин орун басары жергиликтүү эл менен жолугушуп, селдин нугун ачуу зарылчылыгын түшүндүрүп, бул боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды койду.
Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы...
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...
«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...
Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...
Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...