Акыркы суткада 787 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 787 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 512, Ошто — 5, Чүйдө — 154, Ош облусунда — 9, Таласта — 11, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 20, Жалал-Абадда — 42, Баткенде — 29 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 195 миң 394 адамга жетти.

Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 849 адамды түздү.