Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 80 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 40, Чүйдө — 22, Ысык-Көлдө —8, Жалал-Абадда — 5, Таласта — 2, Баткенде — 1, Ош обулусунда — 1, Нарында — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 178 миң 932 адамга жетти.
Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 612 адамды түздү.