Акыркы суткада 81 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

A man wearing a protective face mask runs through an empty Heroes' Square during a curfew restrictions, to prevent the spread of the coronavirus disease (COVID-19), in Budapest, Hungary March 28, 2020. REUTERS/Bernadett Szabo

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 81 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 27, Ошто — 1, Чүйдө — 29, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 13, Жалал-Абадда — 3, Таласта — 4, Баткенде — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 186 адамга жетти.

Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 668 адамды түздү.