Акыркы суткада 84 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 84 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 66, Чүйдө — 9, Ысык-Көлдө — 6, Жалал-Абадда — 1, Таласта — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 182 миң 425 адамга жетти.

Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 707 адамды түздү.