Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 88 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 54, Чүйдө — 15, Ысык-Көлдө —12, Ошто — 1, Жалал-Абадда — 3, Таласта — 1, Нарында — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 178 миң 532 адамга жетти.
Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 607 адамды түздү.










