Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 9 адамдан коронавирус аныкталды. Анын баары Бишкекте катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 955 адамга жетти.
Соңку суткада 1 киши каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 990 адамды түздү.