Ала-Арча капчыгайындагы аскада калып калган жаран чыгарылды

Кечээ, 17-сентябрь күнү саат 18:00 чамасында ӨКМдин «112» кызматына Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайында 35 жаштагы эркек киши эки асканын ортосунда калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине №1 Аламүдүн райондук 3 куткаруучу тартылып, жогору аталган адамды чыгарышкан. Жарандын абалы жакшы, жаракат алган эмес.