Ала-Арча капчыгайында дайынсыз жоголгон 41 жаштагы кишини жансыз денеси табылды. Анын 8 жаштагы кызын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу журналисттерге анын жакындары билдирген.
4-августта анын достору алардын дайынсыз жоголгонун билдиришкен. 3-август күнү эртең менен алар Ала-Арча жаратылыш паркында түнөө үчүн кетишип, байланышка чыкпай калышкан.
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 6-августта издөө иштерине 5 куткаруучу, дрон менен 1 кызматкер жана дайынсыз жоголгондордун жакындарынан 15 адам тартылган. Саат 9:53тө ӨКМге Михайловдун сөөгү Ала-Арча дарыясында жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кызды издөө иштери уланууда.