Ала-Бел ашуусунда жол тоңуп, тыгын жаралды. Тазалоо иши жүрүп жатат

Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымынан 222-чакырымына чейинки аралыкта кар жаап, шамал болуп жатканына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жол тоңуп, жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ал жерге жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, карды тазалоо жана жолго кум чачуу иштери жүргүзүлүп жатат. Министрликтен узак жолго чыккан айдоочуларды дөңгөлөктөрүнө көңүл буруп, тийиштүү шаймандарды алып жолго чыгууну эскертишет.