18-сентябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу максатында Жалал-Абад шаарында жайгашкан ЖАКтын №53 мекемесинде текшерүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүдө жаран Ала-Бука РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы аныкталган.
Улуттук борбор тарабынан кыйноо фактысы боюнча медициналык кароо формасы (Стамбул протоколу) толтурулуп, материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлдү.