«Ала-Тоо» аянтын жана Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы мамлекеттик сатып алуулар порталына 5 миллион 687 миң 500 сомго тендер жарыялаган. «Бул суммага майрамдын башкы символу – 25 метрлик балатыны жасалгалоого гана эмес, бүтүндөй «Ала-Тоо» аянтын жасалгалоого кеткен чыгымдар да кирет», — деп белгилешти муниципалитеттен.