Бүгүн, 3-августта Бишкектин «Ала-Тоо» борбордук аянтында Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Айсулуу Тыныбекова менен финалга чыккан Акжол Махмудовдун беттештери түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Мындан тышкары, чоң экрандан Мээрим Жуманазарованын коло медаль үчүн күрөшүн көрүүгө болот.
Ал эми спортчулардын беттешин көрүү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да аянтка келди.
«Биздин спортчуларыбыз мамлекетибиздин намысын жакшы коргоп жатышат. Айрыкча күрөштө биздин уул-кыздарыбыз жакшы чыгып жатат. Акыркы 50 жылдан бери мындай ийгиликке жете элек болчубуз. Ошондуктан бүгүн биз үчүн, мамлекетибиз үчүн тарыхый күндөрдүн бири болот деп ойлойм»,- деди ал.