«Ала-Тоо» аянтында согуш ардагерлеринин илинген сүрөтү талкуу жаратты. Мэрия эмне дейт?

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Жеңиш күнүнө карата илинген жасалгалоону сынга алышты. Алар «согушка чет өлкөлүктөр эле барышыптыр, кыргыздар кайда?» деген сөздөрү жазышууда. Борбор калаанын мэриясы бул боюнча үн катты.

«Социалдык түйүндөрдө «Ала-Тоо» аянтына жалаң европалык түспөлдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын сүрөттөрүнүн коюлушу боюнча чагымчыл маалыматтар тарап жатат. Борбор калаанын мэриясы баннерлерде Советтер Союзунун 75 Баатырынын – Кыргызстандын түптүү жарандарынын сүрөттөрү экендигин билдирет.

Борбор калаанын муниципалитети улуттар аралык жаңжалга алып келе турган жалган маалыматтарды таратпоону суранат», — дешти.