Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирет. Буга чейин социалдык тармактарда борбордук «Ала-Тоо» аянтында желек айрылганы тууралуу маалымат кызуу тараган. Окуя болгон жерге мэрдин орун басары Рамиз Алиев жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору барып, мамлекеттик желек бүтүн экени аныкталган.
Муниципалитет ЖМКларда жана социалдык тармактарда текшерилбеген маалыматтарды таратуу учурлары көбөйүп жатканын белгилейт. Кыргыз Республикасынын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн ылайык, Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт. Бишкек шаарынын мэриясы коомчулукту адаштырбоого жана туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.
Маалымат үчүн:“Ала-Тоо” аянтындагы желек “Тазалык” ишканасынын балансында, 2023-жылы ишкана тарабынан 17 жолу реставрация жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги 6 жолу алмаштырылган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүүнүн тартиби «Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө» жобо менен белгиленет.
Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Абхазия жана Армениянын номуру менен жүргөн унааларга рейд токтобой жатканын айтты. "Азыр...
Эртең, 24-январда маал-маал менен кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9, Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19,...
Бүгүн, 23-январда Элдик банк Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан «Топтомо ипотека» уникалдуу социалдык программасынын бет ачар аземи өттү....
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Ага журналисттер "Бул кызматка сизди ким сунуштады?" деген суроо...
Ошко жаңы дайындалган мэр Жеңишбек Токторбаев аппараттык жыйында кадрдык алмаштыруулар болбой тургандыгын айтты. «Менин негизги принцибим – жетекчилерди алмаштыруу эмес....