Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга, социалдык коргоо системасын өнүктүрүүгө жана эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган иштерге кеңири токтолду.
Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков тармактык министрликтин ишине жарандардын нааразычылыктарына көңүл буруп, санариптештирүү деңгээлин жогорулатуу жана социалдык кызматтарды онлайн форматта көрсөтүү жарандардын ишенимин арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал эми эл өкүлү Бактыбек Чойбеков Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесине көптөгөн айылдар кирбей калганын жүйө келтирип, аталган тизмеге киргизүү тартибин кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди.
Депутат Жылдыз Курманалиева ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ата-энелери «жеке ассистент» катары катталуу үчүн 17 документтен турган тизмени тапшырууга милдеттүү экенин маалымдап: «Талап кылынган документтердин көбү кайталанат. Мындай бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу зарыл», – деди. Муну менен катар депутат Исманали Жороев эмгек мигранттарынын укуктук абалын жакшыртуу, аларды Кыргызстанга кайтаруу жана жумушка орноштуруу механизмдерин карап чыгуу маселелерине токтолду. Эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков да жумушсуздукка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырып, жарандарды ишке орноштуруу боюнча электрондук платформаны иштеп чыгууну сунуштады. Мындан тышкары, депутат Нуржамал Торобекова «Социалдык контракт» долбоорунун натыйжалуулугуна байланышкан маселени көтөрүп, ошондой эле жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.
Депутат Жылдыз Таалайбек кызы жарандарды социалдык жактан коргоо системасын күчөтүү маселелерин ортого салып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү критерийлерин жөнөкөйлөтүүнү табыштады. Эл өкүлү Бурул Аманова Кыргызстандагы майыптыкты аныктоо боюнча медициналык-социалдык экспертизаны жүргүзүүгө байланышкан маселелер тууралуу кеп кылып, бул процессти жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу керектигин кошумчалады. Депутат Рахат Жунушбаева чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселелерин тактап, ички эмгек рыногун коргоо керектиги тууралуу пикирин билдирди.
Эл өкүлү Кубанычбек Самаков айыл жергесинде жашаган калкты пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү керектигине көңүл буруп, бул багыттагы бир катар көйгөйлөрдү жүйө келтирди. Өз кезегинде депутаттык топтун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев талкууланып жаткан теманын актуалдуулугун белгилеп, жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин көпчүлүгү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтты. Муну менен катар эл өкүлү 3 жашка чейинки бардык балдарга берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулу демилгесинин ишке ашырылышына, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Россия Федерациясынын ФМСинин «кара тизмесинен» чыгаруу боюнча чаралардын жүрүшүнө токтолду.
Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат угулуп, эске алынды. Талкуу учурунда калкты жана ишканаларды электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, ошондой эле электр жабдууларын модернизациялоо, генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү жана альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.