Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Суу айылында курулган Сыдык Дурсуматов атындагы спорт залдын ачылыш аземине катышты. Алсак, аталган спорт залдын курулушу өткөн жылы башталып, ал үчүн мамлекеттен 22 миллион сом каралган.
Бардык заманбап спорттук жабдуулар менен камсыздалган залды көрүп чыккан төрага: “Калктын саламаттыгын чыңдоодо спорттун мааниси чоң. Андыктан, жарандар арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында мамлекет тарабынан спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы өлкө боюнча спорттук мекемелер арбын салынууда. Айрыкча спортчуларга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, ал эми улан-кыздарыбыз жеңиштери менен калкыбызга дем-күч берүүдө”, – деди.
Муну менен катар жаңы курулган спорт залынан мыкты спортчулар тапталып чыксын деген тилегин айткан төрага: “Бизде таланттуу жаштар арбын. Кызыл байрагыбызды эл аралык мелдештерде желбиретип, Кыргызстаныбызды дүйнөгө тааныткан уул-кыздарыбыздын катары көбөйө берсин”, – деп кошумчалады. Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев аларды ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттин ролу чоң экенине токтолду. “Депутаттар калк турмушун жакшыртууга багытталган бардык демилгелерге артыкчылык берип, реформаларга керектүү мыйзамдык базаны чыңдоого колдоо көрсөтүп келебиз. Айрыкча аймактардагы социалдык мекемелерди жаңылоого, анда иштеген адистердин айлык маянасын жогорулатууга, пенсия, жөлөк пулдардын көлөмүн көтөрүүгө, жаңы иш орундарын түзүүгө керектүү мыйзамдарды Жогорку Кеңеш тоскоолдуксуз колдоп берүүдө”, – деди төрага.
Муну менен катар мамлекеттин алдыга жылуусунда өлкөдөгү туруктуулуктун орду өзгөчө экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Бизге ынтымак жана биримдик керек. Азыркы ааламдашкан доордо башкалардан калбай, өнүгүү үчүн билимге умтулуп, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл буруушубуз кажет”, – деп баса белгиледи. Андан тышкары, төрага спорт залга керектүү шаймандарды алууга жардам катары 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.