Бир күн аралыгында Аламүдүн-Кой-Таш-Арашан унаа жолундагы авариялык көпүрөнү айланып өтүүчү каттам берилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Аталган көпүрө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Заречная айылындагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунун 0+150 чакырымында жайгашкан. Көпүрө “Кыргыздортрансдолбоор” институтунун тиешелүү кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өткөрүлүп, авариялык абалда экени аныкталган. Ага долбоор түзүлүп, мамлекеттик экспертизага жиберилген.