Royal
SerepTV Logo

Аламүдүн коктусунда жоголуп кеткен 30 жаштагы киши изделүүдө

Аламүдүн коктусунда жоголуп кеткен 30 жаштагы киши изделүүдө
17-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 21 куткаруучусу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 7 куткаруучусу жана кинолог атайы ит менен Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 1 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун куткаруучусу дрон менен, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5, Чүй жана Жайыл райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 жалпы 24 куткаруучу таңкы саат 07:00дө издөө ишине чыгышты. Алдын ала маалымат боюнча 14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 1994-жылы туулган киши дайынсыз жоголгон. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="223660,223661"]