Аламүдүндө Чүй каналына түшүп кеткен 9 жаштагы бала изделип жатат

Аламүдүн районундагы Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн Кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 19-январь күнү издөө улантылат.