«Алар өз ыктыяры менен жатышат, анан ушундай болуп жатат» дейт Бишкек ШИИБдин башчысы балдарга карата сексуалдык кылмыштар боюнча

Бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча үн катты.

«Дайынсыз жоголгон кыздар балдар менен таанышып, анан өз ыктыяры менен жатышат жана ушундай болот», — деди НогойбаевБирок ал милиция мектептерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат деп ишендирди. «Албетте, жашы жете элек өспүрүмдөр менен жыныстык катнаш үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, эч ким жазасыз калбайт», — деп баса белгиледи ал.