«Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтей турган коомдук комиссия түзгөн атабыз, курамына киресизби?» деп президенттик администрациядан чалышкан. Чынында Дача-СУ кырсыгын «Азаттык» бир топ жолу иликтеп, көп маалыматты орду ордуна койгон. Бирок дагы башка маалыматтарга, айрым документтерге албетте, журналисттердин колу жеткен эмес. Ошондуктан алигүнчө күмөндүү суроолорго жооп табылбай келет. Президенттик администрация бардык документтер силерге ачык болот, бардык органдар силерге ыкчам маалымат берет, калыс териштирүүгө жол ачылат деген соң макул болдум.
Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...











