Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов YouTube’да 34 миллион катталуучусу бар D Billions балдар долбоорунун командасы менен жолугушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
«Команда Кыргызстанда YouTube монетизациясын ишке киргизүүгө көптөн бери аракет кылып жатышканын айтышты. Алар монетизацияга кошулушкан, бирок Кыргызстан YouTube өлкөлөрүнүн тизмесине кирген, бирок бир жумадан кийин алып салынган. Башка контентмейкерлер менен бирге алар мамлекеттин жардамына үмүт артышууда, анткени мындай мүмкүнчүлүк өлкө экономикасына жыл сайын 100 миллиард сомго чейин киреше алып келиши мүмкүн»,— деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram