Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Шыкмаматов буга чейин «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктерден кийин ал мандатын тапшырган. 2020-жылдын октябрь айында «Бир Бол» партиясынан депутаттык шайлоого катышкан. 2021-жылы 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.









