Алматыда катуу сабалган Кыргыз жараны Бишкектеги ооруканага жаткырылды

Алматыда катуу сабалган Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков мекенине алып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды. Буга чейин анын буту сындырылганы маалымдалган.

Учурда Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарабы менен Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.