Алматыда катуу сабалган Кыргыз жараны мекенине алып келинди

Бүгүн, 20-январда министрликтин тапшырмасы менен Алматы шаарындагы башкы консулдугу тарабынан Чолпонбек Сыдыков атайын медициналык унаада «Ак-Жол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна чейин алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин көмөгү менен министрлик тарабынан Чолпонбек Сыдыковду «Ак-Жол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунан тосуп алуу менен, аны андан ары тийиштүү медициналык мекемеге жайгаштыруу уюштурулууда. Учурда министрлик Казакстан тарабы менен Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Кечээ, 18-январда Алматыда дайынсыз жоголгон Кыргыз жараны табылганы маалым болгон. Ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, кийин сабалганын айтып берген.