Алматыда каза болгон экинчи Кыргыз жаранынын аты-жөнү маалым болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов журналисттерге билдирди.
«Маркумдун аты-жөнү Бахтияр Базарбаев. Анын сөөгү тийиштүү процедуралардан кийин жакындарына өткөрүп берилет», — деди ал.
Кечээ, 10-январда УКМКдан Казакстандагы башаламандыкта дагы бир Кыргыз жараны каза болгонун маалымдашкан.