Abank july
SerepTV Logo

Алматыда үйдүн 7-кабатынан кулап каза болгон 17 жаштагы кыздын сөөгү мекенине алып келинет

Алматыда үйдүн 7-кабатынан кулап каза болгон 17 жаштагы кыздын сөөгү мекенине алып келинет
Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда жайгаштырылган «Алматыда кыргызстандык кыз терезеден кулап каза болду» деген жаңылыкка байланыштуу маалымат таратты. 26-июнда саат 06:50 чамасында 2007-жылы туулган Кыргыз жараны У.К.Н. Алматы шаарында жайгашкан үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшкөн. Кырсыктан алынган оор жаракаттардын натыйжасында аталган жаран каза болгон. Алматы шаарына ал тууганы менен 21-майда келген. Кыргыз өлкөсүнүн Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун туугандары менен байланышта. Бүгүнкү күнгө маркумдун сөөгүн алып чыгууга компетенттүү органдардан уруксат алынды. Учурда «Жүк 200» аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүргүзүлүүдө.
SEREP MEDIA