Экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Жанар Акаев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алууну көздөшкөн. Бул тууралуу Kaktus.media өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Кечээ, 14-сентябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы курал колдонуу менен бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча ишти каттоого алганы маалым болду. Ошол иште Атамбаев, Асанов жана Акаевдин сүйлөшүп алышып, бийликти кулатууну көздөшкөнү айтылууда.
Милициянын генерал-майору Курсан Асановдун «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча айыпталганын айткан адвокат Икрамидин Айткулов: «Бул иште Асанов менен бирге Атамбаев, Акаев жана башка адамдар да көрсөтүлгөн», — деди ал.