Алмазбек Атамбаев: «Сооронбай Жээнбековду Кудай жазалап жатат»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгып, журналисттердин суроосуна жооп берди.

«Мен Сооронбай Жээнбековдун артынан түшпөйм. Кудайга койдум. Кудай жазалайт, жазалап жатат», — деди ал.

Ал ошондой эле ага бир нече операция жасалышы мүмкүн экенин айтты.

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Буга удаа эле санаалаштары абактын алдына чогулушту. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. Мурдагы өлкө башчысын Кой-Ташта үй-бүлөсү тосуп алууга даярданып жатканы маалымдалды.