Алтын күздүн кооздугу алтын кыз Айсулуу Тыныбекова менен (сүрөт)

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова катардагы кыялы орундалганын жазып, мыкты сүрөттөр менен бөлүштү.

«Алтын күз — сүрөттөр үчүн эң сонун фон. Мен бала кезимден күзгү сары жалбырактардын фонунда фотосессия уюштурууну кыялданчумун. Муну ишке ашырууга кесиптештерим жардам беришти»,- деп жазды ал. 

Тыныбекова өз күйөрмандарын ар кандай образдагы сүрөттөрү менен байма-бай кубандырып турат.