Алымбек датканы унутуп калышканбы? Ош мэриясы сүрөт боюнча комментарий берди

Ош шаарынын мэриясынын имаратына Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрүнүн сүрөтү илинген. Алардын катарында Алымбек датканын сүрөтүнүн турбаганы интернет колдоочуларынын нааразычылыгын жаратты. Алар мэрияны Алымбек датканы унутуп коюшту деп айыпташты. Мындан кийин шаар бийлиги түнү менен Алымбек датканын сүрөтүн илген.

Окуя боюнча Ош мэриясынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымат беришти. «Ал күнү сүрөттөрдү илүү иштери аягына чыга элек болчу. Жасалгалоо Эгемендүүлүк күнүнө чейин кабыл алынышы керек эле. Учурда Алымбек датканын сүрөтү илинди. Кечээ жасалгалоо иштери толук бүтө элек болчу», — дешти мэриядан.