Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга келип, кызматына киришти

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурда «Алтын балалык» реабилитациялык борбордун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга келип, жетекчилик кызматка киришти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

«Кыргызстанга келгем. Борбордогу иштерге кириштим. Бассейн, баткак менен дарылоого шарт түзүлүп жатат. Иштеп жатабыз. Журналисттерге жеткирип койгулачы, жакынкы аралыкта эч кимге интервью бербейм, убара болбошсун. Иштеп жатабыз»,- деди ал.