Алымкадыр Бейшеналиев: «Мен арак ичпейм, жашоого мас болуп жүрөм»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Бешинчи каналга» маек берип жатып, арак ичперин, бирок мас болуп жүрөрүн айтты.

«Мен арак ичпейм. Өзүмдүн мүнөзүм ушундай экен. Бүт баары ойлойт экен, арак ичип жүрөт деп. Мен операция болгом. Ошондон кийин бир нерсе ичип турбасам үнүм жоголуп кетет. Мен 20 таблетка ичем. Президент жакшы билет. Мына менин дарыларым (ред. баштык алып чыгып көрсөтүп), мына суум. Мен арак ичпейм, бирок мас болуп жүрөм… Жашоого бактылуу болуп жүрөм. Мен күлүп жүрөм. Кантип эле минтип кийинип алып, жыйын өткөрүп жатып арак ичем? Келесоо эле ичет да», — деди ал.