Алымкадыр Бейшеналиев: «Митингдин кереги жок, аны мени жаман көрсөткүсү келгендер уюштуруп жатат»

Бүгүн, 25-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон митинг өттү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышканыбызда, ал учурда Түркияда экенин, митингге эч тиешеси жок экенин айтты.

«Митингге чыкпай эле коюшсун деп айтып койгула, мени жаман көрсөткөндөр чыгарып жатат. А мага анын кереги жок. Мен «Алтын балалыкка» жетекчи болуп дайындалдым, ошол жакта иштейм. Азыртадан эле ошол жерде иштерди кыла баштадым. Жубайым ооруп, ошол үчүн Түркияга кеткем. Учурда жубайымдын жанындамын», — деди ал.