Алымкадыр Бейшеналиев: «Сабырбек Жумабеков директорлук кызматта калбайт»

Сабырбек Жумабеков 4-оорукананын директору кызматында калат деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы жетекчи жамаатка эртең, 11-февралда тааныштырылат. Маалымат агенттиктин кабарчысынын «4-оорукана менен байланышканыбызда, ак халатчандар жаңы дайындалган башкы дарыгерге каршы экенин айтышты» дегенине Бейшеналиев «мага да каршылар бар» деп жооп берди. «Бара-бара баары өз ордуна келет», — деди ал.

Бүгүн, 10-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасынын басма сөз кызматы менен байланышканында, Сабырбек Жумабековдун өз ордунда иштеп жатканы, операцияларды жасап жатканы маалым болгон. Бирок жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновго эмгек жамаат каршы экенин айтышкан.