Англисче ырдап, жылдызы жанган суусамырдык бала видео тууралуу айтып берди

Интернетте Фаррелл Уильямстын “Happy”, Бруно Марстын “Leave the Door Open” жана башка дүйнөлүк хиттерди аткарып популярдуу болуп жаткан суусамырдык Рамазан эсиңиздеби? Дал ошол жигит менен тааныштырабыз. «Айылда жүрсө эле мал менен жүрүп мал болуп калды деп ойлогондор бар, чынында бизде окууга кызыккан балдар көп» деген ал өзү тууралуу айтып берди.

«Биз байкем экөөбүз үйдө болчубуз. Мен мал сугарып жүргөм. Анын колунда телефон бар эле. «Бирөө менен сүйлөшүп жатат го» дедим. Терезеге келип, «сууну күйгүзүңүз» деп айтайын дегем. Чөнтөгүмдөгү телефондон музыка угуп жаткан болчумун. Ошол жерде берилип кеттим. Бийлеп кирдим, байкемдин тартып жатканын деле билген эмесмин. Эртеси эле интернетке тарап кетти. Мектепке барсам «сен интернетте жүрөсүң го» дешти», — деди ал.

Ал англис тилин ырлар аркылуу үйрөнүп жатканын айтат. «Мага ыр жакса, сөзсүз интернетке кирип, котормосун карайм. Андагы билбеген сөздөрдү жаттам алам. Англис тилине кызыгып калган себебим, жер кыдырып, ырчылар менен маектешким келди. Жакында эле АКШнын элчилигине барып, мотивация алдым. Англис тилин жакшы билем деп ойлочумун, бирок ал жакта сүйлөшкөндө алардын жанында билбей турганымды түшүндүм», — деди ал.