Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылышты.
- Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү — Чыңгыз Айтматов, Махтумкули, Абай Кунанбаев жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар.