Анкара шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү (сүрөт)

Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылышты.